www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Институтка келгенде "да", "нет" деген сөздү билчү эмесмин. Алыскы кыргыз айылында чоңойдум, бир орус көргөн жокпуз. Орус тил мугалими да болгон эмес. Шаарга жылаңайлак, жылаңбаш болуп келдим. Китеп, карандаш деген жок. Эптеп эле кат таанып келгенбиз. Институтта эки ай отуруп, эч нерсе түшүнгөн жокпуз. Эки айда жүз элүү бала чогулса, кайра эки ай өткөндө жүзү жоголуп, качып кетти. Мен Иса Ахунбаевге барып "биз да кетсекпи, эч нерсе түшүнгөн жокпуз, кыйналып кеттик" десем, ал "чыдагыла, кыргыздан кадр жок" деп көндүрдү. Бүткүчө кыйналдык. Күнү-түнү дебей окуп, берген тапшырманын маанисин түшүнбөй ырча жаттап айтып берчүбүз. Мен ар дайым балдарыма адам жеңбей турчу эч нерсе жок деп айтам. Өзүмө "мен ким элем, ким болдум" деп калам. Азыр менде болгон-бүткөн наамдар бар".

Мамбет Мамакеев, академик, Эл баатыры

/Алтынбек Самсалиевдин баракчасынан алынды/

Булак: NazarNews.kg

Последние новости