www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада каза болгон кыргызстандыктардын дене мүчөлөрүн таштандыга ыргыткан тергөөчү сөгүш алды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» билдирди. Маалыматка караганда, Москва шаардык тергөө башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн тергөөчүсү дене мүчөлөрдү Царицынск өлүк сактоочу жайына жакын жерге таштаган.
Адамдын дене мүчөлөрү (терилер, чачтар, сөөктөр) салынган баштыкты таштанды челектен таштанды ташуучу унаанын айдоочусу таап алган. Баштыктын жанында атайын тактама кагаз кошо ыргытылгандыктан аны ким таштагандыгы дароо аныкталган. Дене мүчөлөрдү өлүк сактоочу жайдан аталган тергөөчү алып кеткендиги такталган.
Тергөөчү 4 адам каза болгон (бардыгы Кыргызстандын жарандары) жол кырсык боюнча ишти карап жүргөн. Кырсык январь айында болуп, каза болгондордун денелери катуу күйгөн. Аларды экспертизага жөнөтүшкөн. Өлгөндөрдүн ысымдары такталбай калуу коркунучу болгондуктан эксперттер ДНК-экспертиза үчүн денелерди өздөрү бөлүктөргө бөлүшкөн. Бирок, кийинчерээк ДНК-экспертиза талап кылынбай калган. Каза болгондордун сөөктөрү мекенине жөнөтүлүп, айрым дене мүчөлөрү өлүк сактоочу жайда калган. Бул дене бөлүктөрдү аталган тергөөчүгө соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен кошо тапшырышкан. Жакында аталган тергөөчүгө катуу сөгүш берүү чечими чыгарылып, ал жарым жыл полициялык сыйлыктан (жакшы иштегендиги үчүн бериле турган 50 миң рублдан жогору сыйлык) ажыратылмак болду.
Камчыбек Бостон, NazarNews.kg
Москва шаары