www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшөбаевди СТВ телеканалына чакырышыптыр. Журналисттер ар кандай суроолорду берип, күлкүлүү окуядан сурап калышты. Шайлообек агайыбыз буларды айтып берип боорду эзди:
--Бизде, атбашылыктар негизи кыйын сүйлөйт. Атбашы районунда Кызыл Туу деген айыл бар. Раматылык Мелис Эшимкановдун айылы. Андагы жашоочулар кырып сүйлөгөндөн улам “Кызыл Туунун кырмасы” деп атыгып калышкан. Бишкектен таанышым бир жамандыкка барып калыптыр. Маркумга жаназа окулуп, бардык нерсе кылынгандан кийин, жашоочулар көтөрүп жөнөптүр. Тиги таанышым чоң кишиден сурагандан уялып, кичинекей баладан: “эмне силерде машинага салбай, колго көтөрүп барып коебу?” деп сураптыр. Тиги кичинекей бала кебелбей: “Ооба байке, тээ айыл четине чейин көтөрүп барышат. Андан кийин өзү туруп, басып барып көргө кирип кетет”,- дептир.
Булак: NazarNews.kg