www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго президент Дональд Трамп Москва менен "байланышты кайра калабына келтирүү процессин баштоону" жана Вашингтондо ушул тапта териштирүү жүрүп жаткан Орусиянын Трамптын жакындары менен байланышы тууралуу чырдын буга тоскоол болбошун айткан. Мындай маалыматты Тиллерсон 6-июнда Жаңы Зеландияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Трамп "Орусия олуттуу глобалдык оюнчу экенин жана учурда биздин Орусия менен мамилебиз өтө солгундап, начарлап баратканын" мага так айтты - деди Тиллерсон. "Андыктан президент менден Орусия менен байланышты кайра калыбына келтирүү процессин баштоону, адегенде алакаларды турукташтырып, ишеним жаратып, андан соң жалпы кызыкчылыктарды аныктоону суранды" - деген мамлекеттик катчы бул жараян башталганын кошумчалады. 8-июнда ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми өткөн жылкы шайлоодогу Орусиянын таасири болгон же болбогону боюнча Сенаттын Чалгын кызматына келип көрсөтмө берет.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости