www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО өлкөлөрүнүн тобу аскерлеринин Украинада мыйзамдуу жүрүшүн камсыздоо максатында кутум жасоону чечти. Бул туурасында РИА Новости Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дмитрий Беликке таянып кабарлады.

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо мурдараак НАТО менен ЕБ тобу эки тараптуу кызматташтыктын негизинде аскерлерин Украинага жөнөтүү жолдорун издеп жаткандыгын жар салган эле. Анын пикиринде, бул коопсуздукка өзүнүн терс таасирин тийгизет.

"Фицонун билдирүүсүндө жаңы эч нерсе деле жок. НАТОнун аскерлери Украинага келген, бирок алар жалданма деген макам менен жүрөт. Ал эми Словакия премьеринин айтып жатканы — бир катар мамлекеттердин өз күчтөрүн Украинада болушун мыйзамдаштыруу боюнча жасап жаткан кутуму. Фицо буга катышууну каалаган жок", — деген Белик.

Депутаттын пикиринде, Фицо — саясий карьерасы тобокелдикте турса да өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн Батыштын азганактай лидерлеринин бири.

"Эски Батышка бул чатак кызык эмес. Украинанын жеңерине, Россиянын утулуп каларына эч ким ишенбейт. Ал эми буга көзү жетип турган соң эч кимдин акча берүү ниети жок", — деген депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости