www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жаңы, өзгөртүлгөн туусу түшүрүлгөн паспорттор жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр апрель айынан ортосунан тарта бериле баштайт.

Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев 27-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

"Негизи туунун өзгөрүшү менен документтерди толук алмаштыруу талабы жок. Азыр жарандардын колундагы паспорттор мөөнөтү бүткүчө иштейт. Ал эми план боюнча бизде жаңы туу түшүрүлгөн ички паспорттор апрелдин ортосунан тартып, берилет. Жалпы жарандык паспортту келерки 2025-жылдан тартып бере баштайбыз", - деди Миңбаев.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 27-февралда "Жарандык абалдын актылары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү" тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда карап жатат. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замир Кожомуратовдун депутаттарга маалымдашынча, мыйзамды өзгөртүү мамлекеттик каттоонун электрондук форматка өткөрүлүшүнө багытталган.

Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү тууралуу мыйзамы былтыр декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

Министрлер кабинетинин жаңы кабыл алынган туунун техникалык өзгөчөлүгүн бекиткен токтому 29-декабрда кабыл алынган.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости