www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мекемедеги жемкордукка каршы күрөшүү демилгеси үчүн кызмат ордунан бошотулган Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жолдоду. Анда ал жемкордукка каршы күрөшүү ишинде Президентке арка бел болуу ниети бар экенин билдирип, ажодон анын укугун коргоп калууга чакырды.
Анара Мамбеталиева Мамэкотехинспекциянын ичиндеги жемкордукка шектүү деп эсептеген 3 адамдын аттарын атоого бел байлаганын билдирип, мекеменин статс-катчысы Асылбеков Таалай Спартаковичти, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Керимкулов Самат Казыбековичтижана каржы-каражат бөлүмүнүн башчысы Жумашева Гүлкайыр Медербековнаны жемкордукка малынган чиновниктер катары айыптады.
Ал өзүнүн ачык-айрым күрөшү үчүн жеке өмүрүнө, үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралганын билдирип, президенттен коопсуздугун коргоого жардам берүүнү суранды.
Булак: NazarNews.kg