www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жетекчилиги тарабынан куугунтукталып жаткан Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева социалдык баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады. Кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз.
“Учурда Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги мени расмий түрдө кызматтан кеткенимди өзүмө айта элек. Жетекчиликке кайрылганымда бир-бирине шылтап жатышат. Мен иштен берене менен кеткеним тууралуу буйрукту колума ала элекмин. Андыктан кызмат бөлмөмдү жана кызматтын автоунаасын өткөрүп бере элекмин. Себеби мага өткөрүп бер деп, милдетин алып өткөрүп ала турган кызматкерлер сүйлөшүүдөн баш тартууда.
Мамэкотехинспекциянын ичиндеги коррупцияга катыштыгы бар айрым жетекчилер кол алдындагы иштегендерди коркутуп алышкан. Эгерде ким баш көтөрсө мен сыяктуу берене менен иштен кетет деп. Мен кесиптештеримди түшүнөм. Албетте, тыйындын экинчи бети бар. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай учурда экинчи тарап дагы өз аракетин көрөт. Бирок мен ишенем – биздин Президент акыры иликтөөдөн кийин Мамэкотехинспекцияны тазалайт.
Аллахым колдоп, ар кандай каралоодон сактасын. Акыйкат жеңет. Мен азыр өзүмдү актабайм. Жараткандын таразасы актайт. Башыма келген сыноону жеңип, элиме мындан ары да кызмат кылам деп ишенем. Андыктан, баардыгыңыздарды Президентибизди, өкмөтүбүздү колдоп, коррупцияга каршы ачык күрөшүүнү сунуштайм! Келгиле тазаланалы!
Эртеңки күнү Кыргызстандыктардын соц барагындагы кара кагазына эскерилип калгым келбейт, таза жана акыйкат экенимди тирүү кезимде баалап бериңиздер, суранам!” – деп жыйынтыктаган Анара Мамбеталиева.
Булак: NazarNews.kg