www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ,20-июнда, президент Алмазбек Атамбаевдин  Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларация;

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Келишим;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн ортосунда миграция чөйрөсүндө компетенттүү органдардын өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын   алдындагы  2012-жылдын 20-сентябрындагы берилген кредит боюнча карыздарын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга Протокол;

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен  Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын эсенчилигин коргоо чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын  (Россия  Федерациясы) ортосунда  чума боюнча эпидемиологиялык жакшы кырдаалды камсыз кылуу боюнча кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Федералдык казначылыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен Улуттук изилдөө технологиялык университетинин (Жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик автономиялуу билим берүү мекемеси) ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик антимонополия агенттиги менен  дистанциялык окутуу ыкмасы аркылуу атаандаштык ведомстволорунун адистеринин квалификацияны жогорулатууну жана  кесиптик кайра даярдоону камсыз кылган Россия Федерациясынын “Окутуу-методикалык борбору” Федералдык антимонополиялык кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен Россия Федерациясынын финансылык мониторинг боюнча Федералдык кызматынын жана “Финансылык мониторингдин эл аралык окутуу-методикалык борборунун” ортосунда   Кыргыз Республикасынын системасы үчүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишмердикти каржылоого каршы аракеттенген  кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу  жөнүндө Макулдашуу; 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы менен  Мамлекеттик каттоонун, кадастрдын жана картографиянын Федералдык кызматынын (Россия Федерациясы) ортосунда  өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын ортосунда Меморандум деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости