www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 12-июнунда «Аалам» саясий партиясынын 10 жылдык маарекеси Ош облусунда уланды. Ош шаарындагы «Олигарх» ресторанында Баткен, Ош облустарынын тургундары партиянын конференциясына катышышты. Алгач суроо жооп болгон соң, Арсланбек Малиевдин басып өткөн жолу боюнча «Аккан арыктан, суу агат»-деген даректүү тасма көрсөтүлдү.

Аталган иш чарадан кийин  элдин маанайы кадимкидей көтөрүлгөнү байкалды. Себеби, берилген суроолорго толук жооп алышып,  Арсланбек Малиевдин өмүр баянын, басып өткөн жолун тасмадан көрүшүп, келген коноктор: «таза саясатчылар бар турбайбы»-деп, Арсланбек Малиев менен  Жылдызкан Жолдошовага ыраазы болушту.

Негизи Жылдызкан Жолдошованы түштүк эли эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандыктар аттын кашкасындай таанышат жана өтө урматташат.  Ж. Жолдошова кайда болбосун, кандай маселе көтөрбөсүн  ачык айтып,  акыйкат сүйлөп, адилеттикти туу тутат. Ошондой эле ачуу  болсо да, чындыкты эч нерседен тайманбай  өз убагында айта билет. Кыргыз коомчулугу Жылдызкан Айтибаевнаны мына ушундай өткүрүлүгү, маселе көтөрө билгени  боюнча тааныса, Арсланбек Малиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болуп,  тоолуу райондордогу жашаган калктын 45 жашынан пенсияга чыгуусуна кам көргөн мыйзамдын автору экенин жана көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап,  спортко салым кошкон мыктылардын бири экенин билишет.

Кыскасы, «Аалам» партиясынын 10 жылдыгына арналган иш чарада Арсланбек Малиевдин чет өлкөдөгү  мамлекеттер менен мамиле түзө билген артыкчылыгы жана  таза саясатчы экенине терең ынанышты. Ошондой эле А. Малиев менен  Ж. Жолдошовага болгон ишеничтери ого бетер артышканын ачык айтышты. Ош, Баткен облустарынын жашоочулары А. Малиевди Президенттик шайлоого катышышын суранып, өлкөбүздү  таза саясатчы башкарууга  убакыт келип жеткенин айтышып, ак баталарын беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости