www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет берген батирден куру калган майыптар митингге чыкты

Бүгүн, 22-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын алдына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар митингге чыгышты. Алар майыптарга арналып салынган батирлер адилетсиз бөлүштүргөнүн айтып, нааразы болушту.

Акциянын катышуучусу Алтынбек майыптарга курулган батирлерди туура эмес бөлүштүргөнүнө нааразы.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунда болгон коррупциялык иштерге байланыштуу 2015-жылдан бери эле биз укук коргоо органдарына кайрылып келебиз. Себеби, 2008-2015-жылга чейин Бишкек шаарында 225 батир майыптар үчун салынып берилген. Мамлекет тарабынан майыптар үчүн берилген турак жайлар муктаждарга эмес, жетекчилердин туугандарына, өлгөн кишилерге чейин бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле «Азиздер жана дүлөйлөр» коомуна жыл сайын 40-70 млн каражат бөлүнөт. Бөлүнгөн каражаттар жетекчилер тарабынан максатсыз колдонулуп келет. Майыптар колуна комузун кармап, өз жандарын багып келишүүдө», - деди акциянын катышуучусу.

Белгилей кетсек, акцияга болжол менен 30га чукул киши чогулган. Каржы полициясынан өкүлдөр чыгып, нааразы тарап менен жолуга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости