www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байкуш бир кембагал огородунун же үлүш жеринин салыгын төлөй албай калса өпкөсүн үзүп туруп, акыркы малын саттырып төлөтүп алышмак. Нургазы Арстанбек уулуна тиши өткөн бирөө барбы?

Бул киши Дордойдун катарынан орун алган ОсОО «НААРга» тийиштүү «Алтын Тоо» базарын иштетип келет. Бирок мамлекетке жердин ижара акысын (аренда земли) төлөбөйт экен. Бишкек шаардык Мэриясына караштуу УМСтин (Управление муниципальной собственности) карамагындагы жерди 49 жылга ижарага алып, бирок ижара акысын мамлекетке төлөбөй, соттошкондон чарчабайт.

Бул боюнча соттук териштирүүлөр болуп келет. Төлөнбөй келген ижара акысынын жалпы суммасы 57 миллион сомду түзөт. Ошентип учурда 57 миллион ижара акысын төкпөй жүргөн көпөстөргө мыйзам иштебейт экен деп калдык. Таянган тоосу ким? Эмне үчүн тиешелүү органдар Нургазы Арстанбек уулунан коркуп, ижара акыны өндүрө албай келишет? 57 миллион деген оңой акча эмес да, ал акчага шаардын бир канча ооруканасына ремонт иштерин жүргүзүп койсо болот. Өкмөткө ижара акыны төлөгүсү келбегендер мамлекеттин өнүгүшүнө кайдыгер адамдар деп билебиз.

Биз жогорудагы ОсОО «НААР» боюнча иликтеп жатабыз. УМСтен сырткары дагы мамлекеттин башка органдарына да карыз деген маалыматтар келип жатат. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билеби? Билсе эмнеге унчукпай отурат? Эгер билбесе, биздин гезиттеги маалымат менен таанышып, ижара акысынан качкан ишкерге чара көрөр. Же анын «крышасы» Албек өзүбү?

Биз муну ушул бойдон жазып коюп таштап салбай, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине билдиребиз. Жогоруда аталган ОсОО «НААРдын» 50 пайызын Токтоматов Нурмамбет, калган 50 пайызын Сабирова Арзыгуль Курманшитовна ээлик кылышат экен. Булар кимдер?

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости