www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттор да ыйлашат тура....

Белгилүү журналист Шейшекан Жээналиева интернеттеги өзүнүн Фейсбук баракчасына мындай деп жазган экен: “Байлар да ыйлайт” дегендей, соттор да ыйлайт тура. Тобоо.

Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыевге “тиштери” өтпөгөн соттордун ыйына “боорум ооруду”. Азыр дээрлик бардык системада коррупциянын арааны жүрүп турган чакта адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан соттордун ыйы шоона эшпейт. Соттор да калыссыздык, адилетсиздик деген эмне экенин жон терилери менен сезишсин!» – дептир.

Тактап айтканда кечээ Жогорку Соттун жалпы судьяларынын атынан кесиптеши Акыев деген сот жана анын баласы Каныбек Акыевге карата нааразы болуп жазган арыздануу каты интернет булактарына тарады.

Анда Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жогорудагыларга карата эч кандай чара көрбөй жатканы туурасында ыйлактап жазган нааразычылыктары камтылган. Соттор жөнөкөй жарандарды гана ыйлатат экен десе, көрсө өздөрү деле ыйлашат тура бечаралар…

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости