www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабановдун өкмөт башчысына умтулуп жатканын көпчүлүк туура көргөн жок. 2020-жылдын 9-октябрында башалмандыктан соң Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Элвира Сурабалдиева сыяктуу трайбалисттердин өкчөгөн чүкөлөрү айкүр конуп, өздөрүн-өздөрү билип шапар тээп калышкан. Мисалы, Садыр Жапаровдун ал кезде шайлоосу жок бийлик башына келгенинен пайдаланып Өмүрбек Бабанов жакшы көргөн досу Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри кылып тышкы саясатты өзүм билем болуп калган. Ал эми дагы бир трайбалист коллективдештирүү учурунда Жумгалдан качып келип, Чүйгө келип коргологон трайбалист Темир Сариев Саламаттыкты Сактоо министрлигин көздөп калган. Башаламандыктан пайдаланып вице-премьерге келген Элвира Сурабалдиева Сариевдин министрине каршы соцтармактарда блогер катары согуп жатканы таң калычтуу. Өзүнүн кол алдындагы министрди жамандап жатса, демек өзү кыйратып деле иштеген жок. Талант Мамытов президенттик инаугурация болсо да, президенттен түк кеткиси жок. Кыргызстан жыргап кеткенсип башка мамлекетин башчыларына жагалдангандан башка эмне иш бүтүрдү? Балким парламенттик шайлоо болсо, биротоло спикер болуп алсам деп самап жүргөндүр. Болор, анткени биздин Кыргызстанды шопурлар деле башкарып көнүп албадыкпы? Кокус, дагы бир күчтөр чыга калып Садыр Жапаровду оодарып жибербесе эле болот.
Президенттик инаугурация башкарып уюштурган президенттик администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов көп мүчүлүштүктөргө жол берди. «Баягы, баягы Баялынын аялы» дегендей Президенттик инаугурацияда саясий беттери таман болуп калышкан, мурдагы эле элдин алдында кадыр-баркы кеткен саясатчылар чогулушту. Алыстан ат арытып, карыялык батабызды берип койолу деген аксакалдарды филармониянын ичине Касмамбетов жолотуп да койгон жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg