www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда КРнын премьер-министринин 2020-жылдын 6-ноябрдагы № 551 буйругу аркылуу түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан КРнын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп жана талдап чыгуу боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы башкаруунун оптималдуу түзүмүн жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өз-ара аракеттешүү тутумун уюштуруу жана көйгөйлөрдү ар тараптуу карап чыгуу максатында жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көзкарандысыз эксперттерди мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча өз сунуштарын КРнын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүүгө чакырат.

Сунуштарды төмөнкү электрондук почтага жөнөтүүнү өтүнөбүз [email protected] же [email protected]

Байланыш телефондору: (0-312) 96-01-73 же 96-01-76.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости