www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак эли кыргыздардан мурун жаралганбы?

Казак тарыхчылары тарыхын иликтеп отурушуп кыргыздан да байыркы эл экенин далилдеп жатышат. Биздин тарыхчылар ким президент болсо, ата-тегин мактап сүрүштүргөн менен чектелишүүдө. Кытай тарыхчылары кыргыздар байыркы эл дешип тарыхынан казып чыгышып 3 миң жылга жылдырышты.

Казак-кыргыз бир тууган, «касяктарды» ким тууган?

Казак этносун сүрүштүрүп отурса түбү барып эң байыркы- касак жана кассит элдерине барып такалат экен. Ошондуктан казак элинин пайда болушуна 4000 жыл болгон деп эсептесе болот. Албетте, курулай сөз менен тарыхты жасоого болбойт эмеспи, казактардын түпкү теги касак жана касситтер тууралуу тастыктаган жазуулар калган. Бул  персид падышасы биздин заманга чейин алтынчы кылымда жашаган Дарий Биринчинин ташка жазылган Бехистун жазуусу. Ошондой эле шумерлердин биздин заманга чейин 2 миң жыл мурун керамикага жазып кеткен касситтер жөнүндө жазуулар, алар жөнүндө эскерген байыркы географиялык карталар, документтер жана башка тарыхий булактар.

 Казак окумуштуулары салыштырып отуруп казактардын түпкү теги Ассирия-Вавилон иероглифтеринин негизинде өз алфавиттерин түзүшкөн жазмасы бар сабаттуу эл болгонун далилдеп жатышат. Мунун далили катары Ак-Моло облусунун Ак-Көл районундагы Мамай көлүнүн жээгинде табылган таштагы байыркы жазууну эсептесе болот. Бул табылган эстелик Хунн дооруна тиешелүү. Профессор Абай Каиржанов бул таштагы жазууну мындай деп чечмелеген: «Улуу кызыл ди». «Ди»- казактардын түпкү ата-тегинин бири кыпчактар, хунндар менен бирге батышты көздөй жортуулга жөнөшкөн.

    Казак цивилизациясы азыркы заманда жаш цивилизация катары каралганы менен тарыхка бай башаты бар деп эсептелет. Бирок казак окумуштуулары буга өтө аяр мамиле кылып келишкен. Казак тарых илиминин патриархы, академик М.К.Козыбаев акыркы убактарга чейин казактардын цивилизациясын «көчмөн» жана «талаа» цивилизациясы деп эсептеп келген. Ал эми Е.С.Омаров «аскер-көчмөн» казак цивилизациясына негиз салган.

 

Байыркы казактар.

Байыркы заманда жер маселеси эң негизги маселе эле. Казактардын түпкү ата-тегинде өз элин коргоого дайым даяр турган күчтүү атчан аскери болгон. Казактар «варвар» катары саналган эмес, казактардын түпкү ата-тегин туулган жеринен батышты көздөй сүргөн  Персия менен Кытайдын башкаруучуларын варварлар деп койсо болот. Бул заман элдердин улуу көчүү заманы деп  тарыхта калган. Чындыгында, казактар сүрүлүп отуруп өздөрүнүн аймактарын кеңейтип алышкан. Ошону менен бирге балким адамзаттын тарыхында биринчи ирет чек араларына таш коюшуп, ташка өз элинин, өз уруусунун тамгаларын чегишкен. Биз төмөндө казактын түпкү ата-тегинин дүйнөлүк цивилизацияга тийгизген таасирин кыскача айта кетели. Казактардын түпкү ата-теги дегенде сактарды, гунндарды, скифтерди, түрктөрдү, кыпчактарды эске алыш керек.

  1. Бул Шумер мамлекети. Казактардын арасында Шумеке деген үлкөн уруу бар. Шумер-  жазуу менен математиканын мекени, Арийлер, Элам (Алан),  Вавилон, Улуу Туран, Улуу Гунндар, Батыш жана Ак гунндар (эфталиттер), Кушан падышалыгы, Сактар, Скифтер, Сарматтар, Хорезм, Хазарлар, Аварлар,Түрк каганаты жана башкалар. Олжас Сулеймановдун айтуусунда  биздин заманга чейинки алтынчы кылымда  сактардын экинчи аты хасак болгон, ушундан улам казак деген ат келип чыккан экен. Айтмакчы, кытай жана немец эли казактарды ушу күнгө чейин хасак деп айтышат. Онунчу кылымда Казак мамлекети бар экенин Византия билген.

 

2.Касситтер Шумерде алтын монеталарды акча катары колдонууга өбөлгө түзгөн. Казактын түпкү ата-теги согуш өнөрүн эңбиринчилерден өздөштүрүп, башка элдерге согуш искусствосун үйрөтүп, колбашчы болгон.

 

3.Илим жана искусствого тийгизген таасирлери: шумер жана Орхон-Эне-Сай жазуусун, шумер цифрасын, он эки жылдык календардык циклды, астрономия, алгебра, теңирчилик, зороастризм,элдик медицина,оозеки фольклор, домбра, кобыз жана башка музыкалык инструменттер, жомок, эпос, айтыс, макал, акын-жырау жана башка дүйнөлүк цивилизацияга тийгизген таасирин санап отурса сөз жетпейт.

 

4.Казак цивилизациясын  «талаа» цивилизациясы деп гана атоого болбойт. Анткени шаар жана тоолуктар таарынып калышы мүмкүн. Казактар түпкү мекени катары Алтай жана башка тоолорду эсептейт.

 

5.Олжас Сулеймановдун Бехистун жазуулары боюнча айтканына караганда хасактар биздин заманга чейинки алтынчы кылымда эле жашашкан. Ачыгын айткана «Сак цивилизациясы». Дагы бир мындай пикир бар сактардын хандарын хансак деп аташыптыр. Ушул хансактардан казак эли келип чыккан дешет. Арийне, казактардын түпкү теги сак, скиф, гунн экендери талашсыз.

 

6.Эң негизгиси казактардын аймагынын үлкөндүгү. Орус-казактар бекер жеринен өздөрүн казак деп аташкан эмес. Эмне үчүн татар, румын, мадьяр, ногой деп аталбай казак деп аталышкан? Казак-орустардын түпкү ата-бабасынын тили түркчө болгон. Аларды орус тилин зордоп үйрөтүшкөнү менен Шолоховдун жана башка казак-орустардын чыгармаларында алардын түпкү теги түркчө сүйлөшкөнүн аныкташкан. Славяндар Киевдин тегерегинде жашап күн көрүп жүргөндө  скиф, половецтер Европага, Рим империясына чейин жеткен. Бул тарыхий жактан изилдениши керек. Өзбектерди да башында көп мезгилге чейин өзбек-казак деп атап келишкен. Ал эми казак талааларын Европада «кыргыз талаалары» катары санашкан.  Улуу акын Пушкиндин чыгармаларында «киргизский степь» деп казак жерлерин айтканы кезиксе, ошол мезгилде казакка тиешелүү жерлер казак деп айтылбай кыргыз деп айтылганын тарыхий документтерде тапса болот. Ал эмес Октябрь революциясынан соң казактарды Кыргыз автономиялуу республикасы деп түзүшкөнү белгилүү. Тарых менен талашууга жана оңдогонго да болбойт. Эмне үчүн башка элдерди казак дешип, ал эми казактарды кыргыз дешкен? Казактын Түштүк чек арасы Өзбекстандагы Жизак облусу Совет бийлигинин учурунда өзбектерге арендага берилген казак жери, Азербайжандагы Казак шаары казактардын батыш чек арасы экен. Казак тилинин диалекти жоктугу күчтүү цивилизация болгондугун далилдейт.  Казактар кыргыз, ногой, кара калпак, өзбек сыяктуу тектеш тилдүү элдер менен эриш-аркак, биргеликте кылымдардан бери өмүр сүрүп келатат. Казак цивилизациясы гунндардын заманында Рим, Византия, Иранга күчтүү таасир берип, үлкөн мейкиндикти ээлеп Евразияга негиз салган. Ак гунндар (эфталиттер) Борбордук Азия менен бирге чыгыш Түркстанды, Түндүк Индияны былк эткизбей ээлик кылган. Казак цивилизациясы тууралуу ой-жоруулар акыркы мезгилде курч мүнөзгө ээ болуп келатат. Кыргыз менен казактын түпкү теги бир болгондуктан, тарыхыбыздын түбү деле бир болуш керек. Салыштырып көрсөк биздин тарыхыбыз менен казактардын тарыхы дал келет, бирок эмнегедир ошол мезгилде жалпы «кыргыз» деген этноним  көбүрөөк тарых барактарында жолугат. Тарыхты ойлоп табууга болбойт, изилдесе белгилүү болот. Эгерде биргелешип ата-тегибиздин тарыхын изилдесек казак да, кыргыз да байыркы элдерден болгондугун тарыхий жактан документтер менен тастыктап чыкмакпыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости