www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Хорезм облустунда бир топ аялдар жаш кыздын кыздыгын текшерген видео боюнча кылмыш иши козголду.

Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 7-октябрда Үргөнч шаарында болгон. Укук коргоо органдары окуяга катышкан аялдардын ким экендигин аныкташты. Учурда тергоо иштери уланууда.

Аталган видеотасма боюнча Өзбекстандын жергиликтүү айрым аялдар тобу социалдык тармактарда бир топ сын көз караштарын билдирип, окуя аялдарды кемсинтүү, укугун басмырлоо катары баалашкан. 

Видеодо байкагандай, бөлмөдө жалгыз гана аялдар эмес эркектер бар болгонун уксак болот. Бул текшерүү эмне себептен болгону азыркыга чейин белгисиз. Бирок, жаш кыздын кыздыгын текшерүү үчүн аны күчкө салып, көз жашына карабастан, мырзалардын маңдайында мынтип басмырлоо, аны видеого тартып, кыздын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды жалпыга таратууга эч кимдин укугу жок.

Албетте, каада-салттарга жана динге ылайык бул "кыздык" маселеси абдан олутту көйгөй. Бирок, ошол эле убакытта, каада-салттарга жана динге жамынып, мындай аморалдык кадамдарга баруунун кажети бар беле? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости