www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда бажы кампаларынан товарларды сатуу тууралуу жарнама катары тартылган видео таралууда. Мамлекеттик бажы кызматы бул маалыматтын жалган экенин расмий түрдө ырастайт.
Бажы органдары жеке же юридикалык жактарга убактылуу сактоо кампаларынан же башка бажы инфраструктурасынын объектилеринен товарларды сатууну ишке ашырбайт.
Бул видео жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен түзүлгөн жана бажы органдарынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок.
Ошондой эле, расмий бланктарга окшоштурулуп, визуалдык стилдештирилген жасалма «документтер» таратылууда. Тактап айтканда, аларда «таризделбеген суммалар», «бажы төлөмдөрү» жана «бажы брокери аркылуу тариздөө» жөнүндө маалыматтар камтылган. Мындай документтер бажы практикасында колдонулбай турганын жана юридикалык күчкө ээ эместигин билдиребиз. Бул материалдар мыйзамсыз жеңилдиктерди алуу максатында жарандарды адаштырууга багытталган.
Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды сак болууга, мындай маалыматка ишенбөөгө жана бажы органдарына тиешеси жок мессенджерлерде шектүү каналдар жана топтор менен өз ара аракеттенүүдөн алыс болууга чакырат.
Бажы органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө расмий маалымат Мамлекеттик бажы кызматынын расмий ресурстарында гана жарыяланат.
Эгерде сиз мындай билдирүүлөрдү алсаңыз же алдамчылык аракеттерди байкасаңыз, дароо +996 (312) 51 24 67 номерине чалыңыз.