www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик түзүмдөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына караштуу Чүй электр тармактар ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр жана акча каражаттарын мыйзамсыз системалуу түрдө опузалоо фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 70 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына караштуу Чүй электр тармактар ишканасынын Сатуу кызматынын Аламүдүн районунун Лебединовка участогунун башчысы Ж.Э.Ж., ошондой эле аталган кызматтын инспекторлору К.А.Ж. жана М.А.М. кармалды.
КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, аталган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу фактыларды жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.