www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтүнө караштуу МБКнын  Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн ишинин жыйынтыгы тууралуу маалыматты аталган өкулчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. 

2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган, алардын ичинен:

1. Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга жогорулаган.

Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 4,3 млн. сом суммасына өндүрүлдү.

Бажы төлөмдөрү – 65,4 млн.сом суммасына төлөндү.

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 120 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 фактыга жогорулаган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн. сомго толтурулуп, бардыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 101,2 млн. сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости