www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өттү.

Анда Мамлекеттик гимнди жаңылоо боюнча мындан ары жүргүзүлө турган иштер талкууланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58 тескемесине ылайык комиссиянын алдыда алып баруучу иштери, сынактын өтүшү жана тандоо критерийлери жөнүндө маалымат берди.

Комиссиянын мүчөлөрү Мамлекеттик гимнди жаңыртуунун маанилүүлүгүн айтып, улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик символдорду сыйлоону жана жалпы элдин рухун чагылдырган вариантты тандоо зарылдыгын белгилешти.

Комиссиянын иши улантылууда, кабыл алынган чечимдер жөнүндө кошумча маалыматтар берилип турат.

Последние новости