www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр кени боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстандын Министрлер кабинетине концессия жөнүндөгү мыйзамдын негизинде концессиянын күчүн токтотуп, «Кумтөр Голд компани» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин бүгүн, 17-майдагы кезексиз жыйынында айтты.

Ошондой эле укук коргоо органдары менен Башкы прокуратурага чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгын коргоого баа берүү сунушталат.

«Биз коммерциялык уюмдун пайдасына карата мамлекеттик кызыкчылыктарга саткынчылык болгон белгилерди көрүп жатабыз», - деди А.Жапаров.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Эске салсак, 12-майда Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости