www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишканалар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Азамат Кубанычев 59 жаш курагында, дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Мамлекеттик мүлк фонду маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Азамат Кубанычев 1959-жылы Кемин районунда туулган. 1978-жылы Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумду, 1998-жылы Улуттук университеттин экономика факультетин «Финансы жана насыя» адистиги боюнча аяктаган.

Азамат Кубанычов Кемин, Сузак райондорунда, Мамлекеттик салык кызматында, Эсеп палатасында иштеген. Мамлекеттик мүлк фондунда 2015-жылдан бери иштеген.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза тапты. Жалпы илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши. 1047 бейтап оорудан айыкты. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости