www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кылычбек Султандын суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат.

Маалыматта «27-июль күнү Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке аталган иш боюнча күбө катары чакырылган. Бирок Кылычбек Султан көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн тергөө чаралары жылдырылды» деп жазылган.

УКМКнын басма сөз кызматы сөз болуп жаткан иш тууралуу кенен маалымат берген жок.

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга соңку апта ичинде үч ирет чакыртылганын анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» 29-июлда билдирген.

Адвокаттын айтымында, 23-июлда ал 2018-жылы элчилик кызматына байланыштуу катталган кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип чыккан.

24-июлда бийликти күч менен басып алуу тууралуу козголгон иш боюнча чакырылган, бирок адвокатсыз сурак берүүдөн баш тарткандыктан, тергөөчү менен жолугушуу 27-июлга которулган.

27-июлда, Токтакунованын айтымында, алар атайын кызматтын имаратында үч сааттай болушкан. Ошол күнү Кылычбек Султан Жазык кодексинин 309-беренесинин («Бийликти күч менен басып алуу») негизинде ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында күбө катары сурак берген. Бул иш 17-июлда факт боюнча козголгону белгилүү болгон.

Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча 5-августта нааразылык акциясы болору тууралуу жазган. Ошондой эле пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтери, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин Интернетте жазып келген.

2018-жылдын декабрында ал Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экендиги тууралуу пикирин коомчулукка жарыялаган. Терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогону үчүн президентке ачык кайрылганын билдирген. Ушундай жагдайдан кийин Кылычбек Султан да, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да кызматтан кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости