www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында сел жүрдү

Кечээ, 29-июлда Нарын облусунун Нарын районунда тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 турак үйдүн короосун каптап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Такталган маалымат боюнча, жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген жаан суулары Нурбай-Булуң каналына батпай Шүкүрбек көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун жана 250 метр ички чарбалык жолду каптаган.

"Сел жүргөн жерге Нарын райондук №16 ӨКБдан 6 куткаруучу АКУ менен тартылып, каптарга кум толтуруп каналдын жээгин бекемдеп жана арыктардын ичин кум шагылдан тазалашкан. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп билдиришти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости