www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын өкмөтү бюджетти оптималдаштыруу максатында мамлекеттик органдар менен улуттук компанияларга 2023-жылга чейин автоунаа жана эмерек сатып алууга тыюу салды. Бул тууралуу казак басыламлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы жеңил автоунааларды, атайын жана ыкчам-кызматтык транспортторду, ошондой эле аткаминерлер үчүн эмеректерди сатып алууга бөлүнгөн 532,8 миллиард теңге (1,2 миллиард доллар) COVID-19га каршы күрөшүүгө, пандемиянын кесепеттерин жоюуга, бизнести жана жарандарды колдоого жумшалат.

Мындан тышкары 2021-2025-жылдарга карата макроэкономикалык көрсөткүчтөр кайрадан каралып, 2021-2023-жылдар үчүн бюджеттин эсептери да өзгөртүлдү. Каржы министрлиги бул мезгил ичинде дагы 6,4 триллион теңге (15,6 миллиард доллар) үнөмдөө пландалып жатканын билдирди.

Эл аралык валюта фондунун божомолуна ылайык, 2020-жылы Казакстандын экономикасы 2,5% төмөндөп, баалар 1,7% жогорулайт. Мындан тышкары бюджет таңкыстыгы 3%, жумушсуздук 7,8% көбөйөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости