www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы конуштарда да абал оорлой баштады

Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда да эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштады. Бул туураалуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки аптада кырдаал начарлай баштады. Бишкекте коронавирус менен ооругандардын саны 3 миң 617 адамды түздү, башкача айтканда республика боюнча бардык ооругандардын 42 пайызын түзөт.

"Конуштарда да кырдаал начарлады, COVID-19 менен жабыркагандардын саны 680 адамды түздү. Пневмония менен ооругандардын саны да өсүп жатат. Бул акыркы жылдардан бир нече жогору. Ооругандардын көпчүлүгү коронавирус лабораториялык диагнозу коюлганга чейин келип жатат. Бирок, өлкөнүн дарыгерлеринин жана башкы пульмонологунун маалыматтары боюнча бул коронавирус экендиги айтылып жатат. Илдетти жуктуруп алуунун өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч алып келүүдө”, - деди Азиз Суракматов.

Ошондой эле, Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационарлар эртең мененки 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости