www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу борбор калаадагы Кызыл-Аскер районунда жайгашкан Арал кафесинде уюштурулган күндүзгү стационардык жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган жай Төрага Дастанбек Жумабековдун демилгесинин негизинде эл өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Тазабек Икрамов жана мурдагы депутат Руслан Чойбековдун көмөгү менен ачылды.

Күндүзгү стационардык жай 50 адамга ылайыкташтырылып, 3 дарыгер, 4 медайым иш алып барат. Андан тышкары, ичинде эки дарыкана ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости