www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы Айгүл ооруп калышты. Бул тууралуу алардын жакын туугандары билдиргенин жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаевдин дене табы көтөрүлүп, үйдө жатат. Ал эми анын жубайына COVID-19 диагнозу коюлгандыктан ооруканага жаткырылды.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов пневмония COVID-19 инфекциясынын кесепети экендигин мойнуна алган.

Эске салсак, буга чейин ЖК аппаратынын кызматкерлеринде жана депутаттарда коронавирустук инфекция аныкталган. Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков дүйнөдөн өтүп, кечээ жерге берилди.

Ал эми Ак үйдүн 25 кызматкеринен коронавирус табылгандыгы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости