www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясынан улам Тажикстандын экономикасы форс-мажордук абалга кептелип, каражатка муктаж болуп турат. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саиддин Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакаванын атына жолдогон катында жазылган.

«Тажик өкмөтү коронавирустун экономикалык блокко тийгизе турган кесепетин азайтуу боюнча программа иштеп чыкты. Аны ишке ашыруу үчүн 364 миллион доллар керектелет. Эгер насыя берсеңиздер анын 176,5 миллион доллары саламаттык сактоо тармагына жана калктын аяр катмарын колдоого жумшалат. Калган 187,5 миллиону азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, кичи жана орто бизнеске жардам берүүгө бөлүнөт», — деп жазылган вице-премьердин катында.

Эске сала кетсек, өткөн айда Эл аралык валюта фонду Тажикстандын мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн 189,5 миллион доллар берилерин билдирген. Ага чейин Дүйнөлүк банк Тажикстанга 11,3 миллион доллар өлчөмүндө грант берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости