www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциядагы автобустун айдоочусу жүргүнчүлөрдү беткапсыз ташуудан баш тартканы үчүн катуу сабалган. Бул тууралуу Le Parisien басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, окуя 5-июль күнү Байонн шаарында болгон.

Автобустун айдоочусу Филипп Монгуйо жүргүнчүлөргө коомдук транспорттун баардык түрүндө беткап кийүү керектигин эскертип, жүргүнчүлөрдү ташуучу жайга коргоочу каражаты жок адамды киргизбей койду жана дагы беткапсыз жана билеттери жок төрт жүргүнчүнү автобустан чыгууну талап кылды.

Жаңжал учурунда айдоочу катуу сабалып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын мээсинен катуу жаракат алган.

Укук коргоо органдары Филип Монгуйону токмоктогонго шектелгендер кармалгандыгын билдиришти. Токмоктолгон айдоочунун кесиптештери 6-июлда нааразычылык акциясына жумушка барган жок. Ал эми шаар мэри күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасалат деп ишендирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости