www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министрлигинде өлкөдөгү театр тармагынын жалпы көйгөйлөрү талкууланган жыйын болду. Жыйынга Министр Нуржигит Кадырбеков жана театрлардын директорлору менен көркөм жетекчилери катышты.

Жыйын, онлайн форматы менен коштолуп,ага аймактык драма театрлардын жетекчилери да кошулду.

Мекеме жетекчилери бүгүнкү күндө маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүүдө тоскоолдук жаратып жаткан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамынын ченемдерин өзгөртүү зарылдыгын белгилешти.

Театр тармагында  репертуарды жаңылоо, формаларды даярдоо,  музыкалаштыруу, режиссердук иштерди жүргүзүү үчүн аталган мыйзамга ылайык, тендер менен гана иш алып баруу шарты каралып калгандыгы айтылды.

Театрлар тапкан акча  каражаттар Бюджет кодексине ылайык, толугу менен республикалык казынага кетип, театрды өнүктүрүүгө колдонууга мүмкүн болбой жатканы ишти аксатканы жана заман талабына ылайык штаттык бирдиктерди кайрадан карап чыгуу керектиги айтылды.

Соңунда маданият тармагына тиешелүү укуктук ченемдик актыларды кайрадан карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлөөрү белгиленип,  анын жыйынтыгы менен ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы  22 театр оюн-зоок мекемелери  бар. 1 - цирк, 1 - опера балет театры, 8 музыкалык драма театр, 7 -  драма театр, 2 - куурчак театр, 3-филармония бар. 

Алар 2020-жылдын 1- декабрынан тартып,  санитардык эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өз  иштерин  жандандырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости