www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күчүн сыноодо. Ал мелдештин чейрек финалынан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкованы 5:3 эсебинде жеңип алды.

Айпери Медет кызы жарым финалда германиялык Алине Фоккен менен кармашат.

Дүйнө кубогунда ошондой эле Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта килем үстүнө чыгат. Нураида Анаркулова (57 кг) алгачкы күрөшүүсүндө польшалык атаандашына жеңилип калган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль уткан. Ал эми Калы Сулайманов 63 кг салмакта, Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

Айсулуу Тыныбекова болсо аталган мелдештин финалына чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости