www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык коомчулук ирандык оппозициячыл журналисттин соттун өкүмү менен өлүм жазасына тартылышын айыптады. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Рухолла Замдын «адилетсиз жана ырайымсыз дарга асылышын чечкиндүү түрдө айыптай» турганын билдирди.

Андан мурда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет ирандык журналисттин өкүмүнүн ишке ашырылышына нааразылыгын билдирип, Тегеранды өлүм жазасын колдонууну токтотууга чакырган.

Оппозициялык «Амад ньюз» «Телеграм» каналынын жетекчиси, 47 жаштагы Зам 12-декабрда дарга асылган. Ага «Жер шарындагы коррупциянын жайылышына себепкер болгон» деген айып коюлган. Адатта мындай күнөө тыңчылык жана бийликти кулатуу аракети үчүн айыпталгандарга коюлат.

Сот өкүмү мыйзамга таянып ишке ашканын 14-декабрда президент Хасан Роухани өзү билдирди.

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келген журналистти, маалыматтарга караганда, 2019-жылы кошуна Иракка бараткан жеринен кармап, абакка отургузушкан. Аны 2017-жылы өкмөткө каршы акцияларга шыкактаган деп айыпташкан. Быйыл июнда Зам өлүм жазасына кесилгени белгилүү болгон. «Чек арасыз кабарчылар» уюму ал сот процессин «өтө адилетсиз» деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости