www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил  күнүнө карата 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү.

Маалымат боюнча, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында, бул жылы 18 аталыштагы китеп 8409 нускада басылып чыккан.

Белгилей кетчү жагдай, китептердин бет ачар аземинде талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди. Ал эми китептер болсо, 7 аталышта басылып чыккан китептер мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Кошумчалай кетсек, аталган китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Кыргыз Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынган.

2048 × 1365

Булак: NazarNews.kg

Последние новости