www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда кафе-ресторандардын ээлери жана өнөрпоздор той-аштарга, маарекелерге киргизилген чектөөлөрдү алып салууну суранышууда. Пандемиядан улам алар каржылык тартыштыкка кириптер болгонун, башка киреше булактары жок экенин айтып жатышат.

Бийликке өтүнүчтөрүн жеткирүү максатында алар 21-сентябрда басма сөз жыйын өткөрүштү.

Кыргыз өкмөтү коронавирустун экинчи толкуну болот деген кооптонуудан улам той-топурга азыраак киши чогултуп, салтанаттарды чектөөнү талап кылып келатат. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, жапырт иш-чараларга тыюу салынган. Талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынары белгиленген.

21-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийиш керек экенгин айтып, ага көзөмөл жүргүзүүнү тийиштүү органдарга тапшырды. Жалал-Абад шаарында 25 тойкана, 161 коомдук тамактануучу жай бар.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45471 кишиге жетти. Алардын 41 682си сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Илдет соңку бир суткада 55 кишиден табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости