www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китеп басып чыгарды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 409 нускада басылып чыккан китептин жети аталыштагысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган. Бир китеп мектепке ылайыкташкан болсо, калган он аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, мындан сырткары, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынганы белгиленди.

Китептер окуу жайларга бөлүштүрүлүп, аймактарга жеткирилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости