www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариевке Кыргызстандын келечеги эмес, бийлик керек экенин көпчүлүк түшүнүп калды. Акыркы мезгилдеги эле анын саясий кадамдары анын ким экенинин бетин ачты. Шайлоо баштала элек жатып Темир Сариев биринчилерден чамынып өз партиясы «Ак шумкарды» садага чаап, «Ата-Мекен» партиясы менен жарышка чыгарын эл алдына жарыя кылган.Көп өтпөй бул партия менен келише албай, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына оогондугу тууралуу маалыматтар жарыяланды. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да аны ары оонатып, бери оонатып кереги жок экен деп,сыртка чыгарып коюшкан. Ошентип жүрүп шайлоонун тизмеси түзүлүп, Темир мырза эч жакка кошулбай калган.

Чыр чыккан жерден кыя өтпөгөн Темир Сариев эми шалпаңдап Атамбаевдин аркасынан ээрчип калыптыр. Атамбаев президент кезинде экономика министри болуп жүргөн Сариев 2015-жылы премьер-министр катары өкмөттү жетектеп калат. 2015-жылдын аягында Кытайга иш сапары менен барып дайынсыз бир фирманы таап келип, тендер жарыяланган Балыкчы-Корумду жолун берет. Ушунун негизинде Атамбаев аны өкмөт башчысынан кубалап түшүп, артынан узакка кара пиар сүйкөгөн. Темир Сариевдин баасы канча болду экен деген ой келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости