www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы 8 млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (НАБА) тараткан кайрылууда жазылган.

Анда: "Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү 4 млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстиль, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. Ал эми жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоонун көлөмү 731 миң доллардан 167 миң долларга чейин төмөндөгөн.

Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2% төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 пайызга кыскарган. Мамлекеттик бюджетке түшүүчү киреше былтыркыга салыштырмалуу 8 080,4 млн. сомго азайган. Натыйжада август айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 76 904,9 млн. сомду түзүп, ички дүң өнүмдүн 27,3 пайызын гана түзгөн. Туризм тармагы быйыл пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, жарым-жартылай да иштеген жок", - деп жазылган.

Ошондой эле кайрылуу ээлери пандемияда жабыркаган ишкер чөйрөсү 5-октябрда башталган башаламандыктар учурунда дагы зыян тартып жатканын белгилешет. Анда айтылгандай, башаламандыктар башталган күндөн бери Кара-Кече, Жамгыр, Кичи-Чаарат, Иштамберди, Бозымчак, Жерүй кендеринде иш токтоп калганын эскертишүүдө.

"Эң көп зыян түздөн түз коомдук тамактануучу жайларды иштеткен ишкерлерге тийип жатат. Күн сайын коркунучтуу кырдаал, талап-тоноо, рейдерлик баскынчылык ишкерлердин жүрөгүн алып бүттү. Кылмыш топтору, талап-тоноочулар күч алды. Инвесторлорду жана ишкерлерди коргоочу механизмдер алигүнчө жок. Мындан эң ириде өзүбүздүн жарандар ишсиз калуу коркунучу турат", - деп жазылган кайрылууда.

Маалыматта айтылгандай, 5-октябрдан берки башаламандыктардын натыйжасында сырттан келүүчү 210 млн. долларлык бизнес-келишим, жыйырмадан ашуун келишимдер жокко чыккан. Миллиарддаган сом чыгашаларга алып келүүчү саясий туруксуздук өлкөдө жумушсуздуктун күч алып, мамлекеттик бюджеттин толбошуна, бул өз кезегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык абаланын начарлашына алып келерин белгилеген НАБА бардык саясий тараптарды тынч сүйлөшүүгө отуруп, мыйзам жолуна түшүүгө чакырган. Ал эми президенттен Бишкек шаарына киргизилген Өзгөчө абалдын шарттарын жумшартуу маселесин кароону, ишканалардын кызматкерлерине, жүк ташыган автоунаалардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн.

Ишкерлердин кайрылуусунда "Туруктуулук орногондон кийин дагы менчик талашуу, басып алуулардын алдын алуу чаралары иштелип чыгуусу зарыл. Бул кырдаалдардан кийин Кыргызстанды оор экономикалык жыл күтүп турат. Бизнес-коомчулукка пандемиянын жана башаламандыктардын кесепетин азайтууга көмөктөшүүсүн, ишкерлерди консультациялык-координациялык кеңештерге кошуп, бизнес-коомчулуктун да пикири эске алынсын" деген талаптар жазылган.

НАБАнын эсебине ылайык, акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата экономикага 8 млрд. сом же 104 млн. доллар зыян келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости