www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иши тууралуу маалымат берди.

Аталган комиссияны Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы жана президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жетектеген.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, убактылуу комиссиялар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлөт. Тагыраагы, фракциялардын сунушу боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун эске алуу менен курамы 5 депутаттан кем эмес болгон комиссия түзүлөт.

Каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча комиссиянын бардык актылары (чечим, корутунду, сунуш) катышып жаткандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Айэркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын бардык отурумдары ачык өтүп, өлкөдөгү көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылган. Андан сырткары, бир катар ЖМКлар ар бир жыйынды түз эфирде көрсөтүшкөн жана отурумдарда тартылган видеолор ачык булактарда турат.

Жогорку Кеңеш Айэркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап,төмөнкүдөйтоктом кабыл алган:

1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтү:

- көмүскө экономикалык иштин көлөмдөрүн азайтуу, андан алынган кирешелерди легалдаштыруу жана алардын өлкөнүн аймагынан тышкары чыгарылышына бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтсүн;

- жеке ишкерлер А.Саймаитинин, Б.Вуфулинин жана "Абдыраз" ЖЧКсынын иштерин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган 6 млрд 549 млн 242 миң сом өлчөмүндөгү салыктарды өндүрүп алуу жана республикалык бюджетке чегерүү боюнча биротоло чараларды көрсүн;

- бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана коомчулуктун бажы органдарына болгон ишенимин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы №363 токтому менен бекитилген 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышын камсыз кылсын;

- импорттун көлөмдөрүн контролдоо жана башка өлкөлөрдүн бажы статистикасынын маалыматтары менен болгон олуттуу айырмачылыктарды жоюу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

- "Азаттык медиа" маалыматтык агенттиги тарабынан, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган фактылар боюнча деталдуу текшерүү жүргүзсүн жана анын натыйжалары боюнча укуктук баа берсин;

- козголгон 5 жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

- чет өлкөгө ири өлчөмдөгү шектүү акча которуулардын мыйзамдуулугун кошо алганда, жеке ишкерлер А.Саймаитинин, Б.Вуфулинин жана "Абдыраз" ЖЧКсынын 2011-2017-жылдардагы ишин өз убагында текшерүүнү камсыз кылбаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин иш-аракеттерине укуктук баа берсин;

- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-февралындагы №49мыйзамыменен ратификацияланган, 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы жарандык, коммерциялык жана жазык иштери боюнча укуктук жардамдашуу жөнүндө макулдашуунун негизинде Түркия Республикасынын укук коргоо органдары менен бирдикте А.Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн бетин ачуу боюнча иш жүргүзсүн;

- күбөлөр Р.Тиллабаевдин, Э.Сопоковдун көрсөтмөлөрүндө айтылган фактылар, анын ичинде "Азаттык медиа" маалыматтык агенттигинин журналисти М.Токтакуновдун А.Саймаитиден ири өлчөмдө акча каражаттарын алгандыгы тууралуу көрсөтмөлөр боюнча ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзсүн жана укуктук баа берсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости