www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аэропортуна буюртма боюнча келип конгон чартердик санитардык учактардын кызматын чет элдиктер гана пайдаланып жатышат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан бери мындай каттамдар аткарылып жатканы чын, бирок чет элдик дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик бизнесмендер гана тейленүүдө.

“Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө “Манас” аэропортуна чет өлкөлөрдөн жеке учактар келип, алар менен Кыргызстандын жогорку кызматтагы адамдары тейленип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Коронавирус өлкөдө жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти. Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган эмес, каза болгондордун саны 452 адамга жетти.

Эпидемия башталганда чек аралар жабылып, бардык каттамдар убактылуу токтогон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости