www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык конгрессмен маегинде АКШ менен Кытайдын ортосунда жакынкы 3-6 ай аралыгында аскердик чыр-чатак болушу мүмкүн экендигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Флорида штатынын, Республика партиясынын өкүлү Тед Йохо АКШнын Өкүлдөр палатасында АКШ менен Кытайдын ортосунда аскердик кагылышуу болушу мүмкүн деп эскертти.

“Мен тааныган Кытай биздин кемелерибиздин бирин жок кылып, анан жаңылыштык менен бутага атып алдык деп айтышат деп ойлойм. Менимче ушундай болушу мүмкүн. Бир чоң учак ташуучу кемени чөктүрүү - бул бир чоң ката.  Биздин кемелерибизге кол салуу чоң жаңылыштык болот. Бирок, менин оюмча алар бул ишти кылып көргөнү жатышат жана тилекке каршы кээ бирлери өлөт.

Биздин жасап жаткан ишибиз (Түштүк Кытай деңизинде) навигация эркиндигин колдоо жана биз башкалардын дагы бул канал соода үчүн экенин билишин каалайбыз”, - деди ал.

Чалгынчылардын айтымында, Пекин Вашингтонго каршы "кансыз согуш" жүргүзүп жатат. Тед Йохо эки өлкө ортосундагы соода согушу жакынкы мезгилде олуттуу тирешүүгө айланарын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости