www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет желелеринде бир нече милиционердин бир кишини кармап, алардын бири аны муунтуп жаткандай иш-аракет  тартылган видео тарады.

Буга чейин бүгүн Бишкек милициясы "Шайлоону бойкоттоо" митингинин уюштуруучуларын кармап, коё бергени маалым болгон.

Видеого караганда, окуя милиция бөлүмдөрүнүн биринде өтүүдө. Видео болжол менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында тартылган.

Ал эми Биринчи Май райондук ИИБинен аталган факты боюнча маалыматтар такталгандан кийин кенен маалымат бериле турганын кабарлашты.

Эске сала кетсек, Ак үйдүн имаратынын жанында активисттер парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу жана шайлоого жумшала турган акча каражатын коронавирус менен күрөшүүгө, башкача айтканда, медициналык каражаттарды сатып алууга бөлүп берүү талабы менен чыгышкан.

Айрым колдонуучулар милиционерлер муунткан эмес, киши өзүн жаман сезгендиктен жардам берип жаткан көрүнөт деген пикирлерин жазышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости