www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Семетей» обсервациясында 400 орунга эсептелген интенсивдүү терапия палаталары ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун обсервациянын иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратта учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар «Семетей» обсервациясына келип түшкөн оор абалдагы бейтаптарды дарылоо жана динамикалык байкоо үчүн түзүлүүдө.   

Өкмөт башчы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.  

«Бишкек шаарында жана Чүй облусунда COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын санынын көптүгүн эске алуу менен ыкчам түрдө кошумча орундарды ачуу чечими кабыл алынган. Мында сапаттуу дарылоо жана медициналык персоналдын иши үчүн бардык шарттар эске алынат», - деди Кубатбек Боронов. 

Интенсивдүү терапия палаталары эртеңден баштап бейтаптарды кабыл алууну баштайт. Эске салсак, «Семетей» обсервациясында жаңы 400 орунду кошкондо жалпы 1700 орун бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости