www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албек Ибраимовдун жакын досу Эмир Чукуев Кыргызстандагы эң майлуу деп эсептелген ишкана “Манас” аэропортун башкарганына 4 жылдан ашып баратат. Аэропортту хаб кылып жиберем деген убадасы төрт жылдан бери ишке ашпай, талаалап калды. Анын ордуна чөнтөк кампайтуунун жолоюна түшкөн Эмир мырза ар бир жүргүнчүдөн түшкөн 15 долларды оңду-солду жумшап, “аэровокзалдарды жакшыртып жатабыз” деп өзүнө жакын фирмаларга берип, өз чөнтөгүн гана кампайтып келүүдө.
Мындан тышкары, Албек Ибраимов экөө самолетторго май куюудан түшкөн акчага дагы маарып келишет. Аэропортто иштеген жөнөкөй кызматкерлердин айтымында, Эмил Чукуевдин келиши менен зарыл милдеттердин бири болгон самолетторду учуп-коно турган функцияны жасай алган жок, болгону “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принцип менен майда-чүйдө иштерди кылып жүрдү.
Жакын санаалаштарын, досторун, Арашандагы Атамбаевдин туугандарын жумушка орноштуруп, аэропорттогу иштешен кызматкерлердин санын 2 миңден 3 миңге чыгарып тарыхта калды. “Баары бир колдо болуш керек” деген шылтоо менен “борт питание”, жүк терминалын, май куюучу жайларын компанияга кымбат баада сатып алып, ал жерге өз кишилерин коюп, түшкөн акчага Албекчик экөө маарып келишет.
“Шайлоодо Атамбаевге көп акча бердим” деп, Албек мырза көп жерде мактанып жүргөнүн уккандар четтен чыгат. Акыркы күндөрдө Албек досу камалгандан бери Чукуев “мага тийбегиле, ордума калтыргыла” деп Ак үй, көк үйдөгү чиновниктерге, депутаттарга өзүнүн орун басары, айрым депутаттар аркылуу чыгып, көп акча сунуштап чуркап жүргөнүн ошол үйлөрдөгү ишенимдүү булактар кабарлашууда. Алардын айтымында, эгер маселеси чечилбей калса “көпөс” Албек Ибраимовго кошулуп “күзүндө митингдерди уюштурууга” деп акчаларын жыйнап, Оштогу аэровокзалдын чала-була бүткөнүнө карабай шашылыш кабылдап, акчасын алып калу үчүн чуркап жүргөн кербези - имиш!
“Если”, Эмир мырзада нараазычылык болсо, кулак төшөгөнгө даярбыз! “Борт питание” менен жүк терминалын, май куюучу жайлардагы “бизнестен” түшкөн акчаларды чукуп-чукуп турп жазып, түшүндүрүп койсоңуздар жакшы болот эле да...
Булак: NazarNews.kg