www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балпайган, токпейил, тепсе термелбеген, жасаган иштерин обу жок опурулуп чыгып мактана бербеген “Аю” холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов деген “бай ата” бар.

“Иливойу” менен тил табышып, кандай кырдаал болбосун кичипейилдүүлүк менен мыйыгынан күлүп чыгып кетет. Бул жагынан эч кимди алдыга салбайт. Көп сүйлөбөйт. Укмуш кыраакы, жанындагыларды башын буруп карап олтурбастан көздүн кыры менен байкап олтурган ылакап аты Шаки мырза, кезектеги жардамын томолой жетимдерге сунду.

Эми аталган атактуу компания томолой жетимдердин башынан сылап, жоодурган эмес жалдыраган көздөргө мээримин төгүп, ата-энелик жардам колун сунат экен.

Бул тууралуу маалыматты “бай ата” Шаршенбек Абдыкеримовдун оң колу Балбак Түлөбаев “Фейсбук” баракчасы аркылуу коомчулукка билдирди.

“Аю” холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун демилгеси менен томолой жетим, мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн бир социалдык долбоор баштадык. Аталган долбоор томолой жетим балдарды камсыздайт. Аларды биздин компания жыл сайын өлкөдөн чогултуп, Кара-Балтадыгы техникалык-экономикалык колледжде окуусун, жатаканасын, кийим-кечесин, тамагын камсыздайбыз. Буга "Наш голос" коомдук уюмдун жетекчиси Айнура Ормонова менен бирге көзөмөлгө алабыз. Окуусун окуп бүткөндө аларды өзүбүздүн ишканаларда иштетебиз. Биз аларды ар кайсы балээден жаман жолдон сактайбыз. Алар эрезеге жетип, турмушун куруп кеткиче биздин мойнубузда болот. Бул иш-чара үчүн 2018-2019 окуу жылы үчүн 1 миллион сом бөлдүк. Бүгүн чечимге кол койдук. Бул жылы 10 томолой жетим баладан баштайбыз жана жыл сайын бул иш-чара улана берет. Биздин компания ар дайым Кыргызстаныбызга  жардам бергенге даяр”, деген пикирин жазып чыкты ишкер Балбак Түлөбаев.

Мындай Шаки мырзанын иш-чарасы айрым “сараң байларга” сабак болсо жакшы болот беле? Анткени Кыргызстанда томолой жетим бул жакта турсун, тири жетимдердин саны күндөн-күнгө өсүп бара жатканы талашсыз.

Тээ илгери ата-бабалар “канчалык бай болсоң, садага берип турсаң сооп болот” дешкен.  

Аттиң, тилекке каршы “жаңы чыккан жаш байлар”, тапканын талаага катып, же өзү жебей же бирөөгө жедирбей тырмагынын кирин соруп олтуруп, жыйынтыгында УКМКнын жер төлөсүнөн байлыгы тууралуу өздөрү отчет берип жатканы өкүнүчтүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости