www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июнда "Манас" аэропортунун аймагында жеңил унаа велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 жаран каза болсо, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилди.

"Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аэропорттун аймагынан Бишкек тарапка келе жаткан. Ал жолдун жээгинде велосипед тээп бараткан эки кишини сүзгөн. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат", - деп билдиришти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости