Сооронбай Жээнбеков: "Асмандагы айды алып берем" деп элге куру убада бербегиле!"
Расмий кабарлар  |   |  6232

Шайлоого катышкан партиялар, ар бир талапкер өз убадасы үчүн эртеби-кечпи жооп берүүнү үйрөнүшү керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков парламентте кайрылуу жасап жатып билдирди.

“Бардык партияларды да шайлоону таза өткөрүүгө чакырам. Үгүт иштерин жүргүзүүдө ыплас шайлоо технологияларын пайдаланбай, “асмандагы айды алып берем” деп элди куру убада менен алдабай, реалдуу программанын негизинде шайлоо өткөрүү ар бир партиядан, ар бир талапкерден көз каранды”, — деди Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями