www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менин бул кызматта калып, андан ары иштей беришиме макулдугун берди". Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын төрагасы болуп жаңы дайындалган Бактыбек Сыдыков билдирди.

Аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлагандай, Сыдыков анын кызматтан кетишин талап кылган митинг боюнча оюн билдирген.

Жаңы төраганын айтымында, 40-50 киши аэропорттун жана анын тагдырын чече албайт. Белгилей кетсек, бүгүн, 22-октябрда, аэропорттун айрым кызматкерлери Сыдыковдун жетекчи болуп келишине нааразы болуп митинг уюштурушкан.

Андан кийин премьер-министр Садыр Жапаров КТРКга маек берип жатып, Сыдыков менен сүйлөшкөнүн, ал жумуштан кете турганын айткан.

Ал эми Сыдыков митингге чыккандардын айрымдары гана аэропорттун кызматкерлери экенин билдирип, калгандары штаттык режимде иштеп жатканын айтты.

Ал бүгүн Садыр Жапаров менен жолукканын, өкмөт башчы андан ары иштөөгө уруксат бергенин белгиледи.

"Бардык ЖМКларда жана социалдык тармактарда менин бул кызматка келишим жана Бакиевдер менен байланышым боюнча жагымсыз маалыматтар тарап жатат. Андан бери 10 жыл өттү. Мен 2015-жылга чейин ишкерлик менен алектендим. Ар кандай кысымдан улам премьер бүгүн мени жумуштан кетүү боюнча арыз жазат деп айтып койсо керек. Мен ага жолугуп, кырдаалды түшүндүрдүм. Жыйынтыгында уруксатын алдым. Мындан ары ишти уланта берем", — деди Сыдыков.

Ал премьер-министрге аэропортто бир дагы коррупциялык схемага жол бербей турганын убадалаган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости