www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бийликтин бардык каалоолорун мыйзамдаштырып берип, Жогорку Кеңеш анын нотариусу болуп алдык. Парламенттик шайлоого акча жок, ал эми президенттик шайлоого акча табылат”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 22-октябрдагы сессияда билдирди. Депутат Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун сынга алып, ага “каршы” добушун берди.

Дагы бир депутат Аида Касымалиева “өлкө тагдырын чечүүчү мыйзам кабыл алынып жаткан соң, ага терең ойлонуп добуш берүүгө” чакырды. Касымалиева парламенттик шайлоо кийин өтө турган болсо Жогорку Кеңештин депутаттарын айлык акы албай иштөөгө үндөдү.

Мыйзам демилгечилеринин бири Акылбек Жапаров депутаттарга маалымат берип, алтынчы чакырылыштагы депутаттар жаңы жылдан тартып, кийинки парламент шайланып келгенге чейин айлык акы албай иштешерин тастыктады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости